Мектептин психологиялык -педагогикалык темасы:
«Инсанга багытталган окутууну ишке ашыруу окуу процессинин катышуучуларынын кызматташуусунун максаты жана ишинин жыйынтыгы»
Иш-чаралардын негизги максаты: Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын негизинде мамлекеттин билим берүү стандартынын аткарылышын камсыз кылуу, заманбап педагогикалык технологиялардын жана эффективдүү мониторингдин негизинде инсанга багытталган окутууну ишке ашыруу.
Негизги маселелер:
Инсанга багытталган окутууну сабак учурунда жана класстан тышкаркы иш-чараларда колдонууну улантуу.
- Заманбап окуу технологияларынын негизинде жана окуучулардын окууга болгон кызыгуусун калыптандыруу аркылуу окуучулардын билим сапатынын жогорулашы боюнча иш-чараларды күчөтүү.
- Жетишпеген жана ордунда калган окуучулардын санын кыскартуу максатында ата-энелер менен бирдикте педагогикалык кызматташтыктын негизинде үзгүлтүксүз иш алып баруу.
- Мугалимдердин кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу максатында илимий теоретикалык семинарлар, тематикалык педкеңешмелер, жаш мугалимдер мектебинин иши аркылуу усулдук кызматты педагогикалык өсүштүн негизги ишине айлантуу.
- Ар кыл деңгээлдеги олимпиада, конкурс, кароо-сынактарга катышкан мектептин окуучуларынын жана мугалимдердин санын көбөйтүү.
- Предметтик декадага катышкан окуучулардын, мугалимдердин жана ата-энелердин санын өстүрүү максатында традициялык эмес, жаныча өткөрүү ыкмаларын иштеп чыгуу.
- Ар бир окуучуну психологиялык-педагогикалык коштоонуу күчөтүүнүн негизинде окуучулардын бир баскычтан экинчи баскычка которулуу көйгөлөрү менен иштөөнү жаңы деңгээлге көтөруу.
- Мектептеги тарыхый музейдин ишин улантуу
- Өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды алдын алуу боюнча иштерди бардык педагогикалык багыттар боюнча улантуу.
- Окуучулар арасындагы өзүн өзү башкаруу боюнча иштерди бардык баскычтарда жакшыртуу.
- Окуучулардын өзүн өзү башкаруусу аркылуу алардын уставдык милдеттерин аткаруусун камсыз кылуу.
Это тестовая и редактируемая страница сайта
На этой странице возможно добавить:
- Текст
- Фото / Видео / Документы
- Таблицы
- Списки
- Ссылки
- Разные цвета